Венесуэла энергетикалык кризисти башкача жолдор менен чечүүгө аракет кылууда
Электр энергиясын үнөмдөө максатында мамлекеттик кызматкерлер жумасына эки күн гана иштешет.
478983
![Венесуэла энергетикалык кризисти башкача жолдор менен чечүүгө аракет кылууда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d3dd/29ad/8f6c/5720583081866.jpg?time=1718823311)
Венесуэла энергетикалык кризисти башкача жолдор менен чечүүгө аракет кылууда.
Электр энергиясын үнөмдөө максатында мамлекеттик кызматкерлер жумасына эки күн гана иштешет.
Бул ишке ашыруу азырынча эки жумага созулат жана кызматкерлер дүйшөмбү, шейшемби күндөрү жумушка барышат.
Бирок иштебеген күндөрүнүн да эмгек акысын толук алышат.
Оппозиция болсо чара көрбөгөндүгү жана энергетикалык ресурстарды түрдөнтпөгөнү үчүн өкмөттү күнөөлөп жатат.
Эль-Ниньо кубулушунан таасир алган өлкөлөрдүн бири болгон Венесуэла кургакчылык менен күрөшүүдө.
Венесуэланын энергетикалык муктаждыгынын үчтөн бир бөлүгүн камсыздаган Гури суу сактагычында суунун денгээли өтө эле төмөндөп кетти.