Орус армиясына таандык  аскердик учактардын кол салуусунда 12 жаран каза болду

Оппозициячылдардын текшерүүсү астындагы Тарик – ел – Баб мааласындагы бомбалоодо 22 киши жараланды

476751
Орус армиясына таандык  аскердик учактардын кол салуусунда 12 жаран каза болду

Сириянын Халеп шаарында орус армиясына таандык  аскердик учактардын кол салуусунда 12 жаран каза болду. Оппозициячылдардын текшерүүсү астындагы Тарик – ел – Баб мааласындагы бомбалоодо 22 киши жараланды. Жаралуулар тез жардамдар менен аймактагы көчүп жүрүүчү ооруканаларга жаткырылды. Кол салуу болгон аймакта көп сандаган имарат кулап, бир тобунда да өрт чыкты.

Мешхед, Салахаддин, Бустан ел – Каср менен Энсари райондорун да бутага алган орус учактарынын кечээки кол салуусунда болсо 10 жаран каза болуп, 20 киши жараланган.



Тектеш кабарлар