Израилдин максаты Голан дөбөлөрүнө ээ болуу

Израиль Сирия кризисинен пайдаланып басып алган Голан дөбөлөрүн өзүнүкү кылууну максаттоодо...

474174
Израилдин максаты Голан дөбөлөрүнө ээ болуу

Палестиналык аналист жана байкоочулар, Израилдгеи өкмөттүн курулганынын бир жылдыгында кечээ алгач ирет Голан дөбөлөрүндө Министрлер кеңешинин жыйналышын өткөрүшүнүн артында Израилдин Сирия кризисинен пайдаланып басып алган аймакты өзүнүкү кылууну максаттаганын белгилешти.

Израиль парламенти Кнессеттин араб мүчөсү Месуд Ганайим «Анадолу» агенттигине берген маалыматында басып алуу астындагы Голанда болгон Министрлер кеңешинин жыйналышынын максаты Сирия темасында Женевада чогулган эл аралык тараптарга «Саясий шарттар кандай болсо дагы Голан дөбөлөрү Дамаскка берилбейт» деген маалыматты жеткирүү болгонун айтты.

Ганайим: «Израилдин премьер-министри Нетаньяху элине Израилдин коопсуздугун камсыздай турган жалгыз кишинин өзү экенин айтууга аракеттенүүдө. Израилдин расмий органдарынан Голан дөбөлөрүнүн Израилдин жерлеринин бир бөлүгү экендиги жөнүндө алгач ирет жасалган ачыктоолор коркунуч туудурууда»,-деп айтты.

Нетаньяхунун Араб дүйнөсү жана өзгөчө да Сирия өткөргөн ушул татаал күндөрдө жаңы пайда табууларга аракеттенип жатканын белгилеген Ганайим, Нетаньяхунун Голан дөбөлөрүндө күч колдонуп Израилдин эгемендигин камсыздоону каалаганын айтты.

Газадагы Эл-Үмме университетинин адабият факультетинин деканы, жазуучу Аднан Эбу Амир, Израиль өкмөтүнүн Голан дөбөлөрүндөгү кабинет жыйналышы менен Америка Кошмо Штаттары, Орусия жана башка эл аралык тараптарга түдөн-түз, «Сириянын абалы жана позициясы кандай болсо дагы Голан дөбөлөрү Израилдин көзөмөлүндө калат»,-деген сыяктуу маалымат бергенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар