Таиландда Суу майрамы белгиленди

Суу майрамында кызыктуу учурлар менен бирге коркунучтуу кырсыктар да болду.

471476
Таиландда Суу майрамы белгиленди

Таиландда жыл сайын апрель айында белгиленген Суу майрамында кызыктуу учурлар менен бирге коркунучтуу кырсыктар да болду.

Майрамдын биринчи үч күнүндө (11-13-апрель) 181 адам каза болсо, 1 миң 777 киши да жаракат алды.

Кечээ эле болгон 750 жол кырсыгынан 65 киши көз жумду.

Акыркы 5 күндө ичимдик ичип алып унаа айдаган 64 миңден ашуун айдоочу суракка алынса, 1 миң 500дөн ашуун унаа тартылып алынды.



Тектеш кабарлар