Орусия Иранга С-300 ракеталарын өткөрө баштады

Бул ракеталар километрлеген узактыктагы реактивдерди жана башка ракеталарды ата алат.

469786
Орусия Иранга С-300 ракеталарын өткөрө баштады

Орусия, Иранга С-300 ракеталык коргонуу системасынын биринчи бөлүмүн өткөрдү.

Орусиянын вице-премьери Дмитрий Розыгин, Иранга С-300 абадан коргонуу системаларынын өткөрүлүшүнүн ушул жылдын акырына чейин аяктай турганын айтты.

Орусиянын «Эхо Москва» радиосунда түз эфирде сүйлөгөн Розыгин, Орусиянын Иранга С-300 системаларынын алгачкы партиясын жибергенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда кол коюлган келишимге ылайыктуу түрдө С-300дөрдүн өткөрүлүшүнүн 2016-жылдын акырына чейин бүтүрүлө турганын белгиледи.

Розыгин: «Келишимге олуттуу түрдө баш ийүүдөбүз. Алар төлөп жатышат, биз жөнөтүүдөбүз. Биз жөнөтө баштадык. Бул толук жабдык түрүндө өткөрүү болот. Келишимде канча ракета, канча ракета рампасы жөнөтүлө турганы белгиленген. Азыр так түрдө эмне жөнөтүлгөнүн айта албайм. Ал эми өткөрүүнүн болсо Орусия менен Ирандын адистери тарабынан белгиленген багыт боюнча жасалганын айта аламын»,-деди.

Ирандын Тышкы иштер министрилигинин маалымдоосунда да, Орусия менен Ирандын ортосунда С-300 рактелаык коронуу системаларынын өткөрүлүшүнө байланыштуу келишимдин биринчи баскычы ишке ашырылганы белгиленди.

Орусиянын Иранга канча ракета жөнөткөнү азырынча белгисиз.

Иран, абадан коргонуусун маанилүү өлчөмдө күчтөндүрүп С-300 ракеталык корнонуу системасын сатып алыш үчүн Орусия менен 900 миллион доллардык келишим түзгөн.

Тегеран жана Москва, Израиль, АКШ жана Сауд Аарбия каршы чыккан келишимге 2007-жылы кол койгон.

С-300дөр Орусиянын колундагы эң өнүккөн ракеталык коргонуу системасы катары кабыл алынган. Бул ракеталар километрлеген узактыктагы реактивдерди жана башка ракеталарды ата алат.



Тектеш кабарлар