Кытайда пандалар үчүн ташталган кадамдар жыйынтык бере баштады

Адистер пандалардын жаңы шарттарга шайкеш келүүсү үчүн колунан келгенди аткарышууда

468203
Кытайда пандалар үчүн ташталган кадамдар жыйынтык бере баштады
  • Кытайда чоң пандалардын тукумун коргоо үчүн ташталган кадамдар жыйынтык бере баштады.
  • Адистер пандалардын жаңы шарттарга шайкеш келүүсү үчүн колунан келгенди аткарышууда. Гендик сапаттарын арттыруу жана жакшы төрөөсү үчүн дайыма байкоо астында.
  • Ден соолугу начар пандалар башка жерлерде дарыланууда жана бул процессте ден соолугу бекем болгондору менен кошулуусуна уруксат бербестен, гендери бузук пандалардын төрөлүшүнүн алды тосулууда.
  • Кытайдагы табигый тумушту коргоо топтору коргоо астындагы пандалардын санынын 400дөн ашканын жана мунун абдан маанилүү бурулуш жер экенин белгилешти. Кийинки максат бул санды 500гө жеткирүү.
  • Адистер бул жерде гендик түрдүүлүктү сактап калуу үчүн кандайдыр бир түрдүн популяциясынын эң аз 300 мүчөдөн турушу керектигин белгилешти.


Тектеш кабарлар