Чоң жетилер саммити
Чоң 7 тобунун тышкы иштер министрлери Япониянын Хирошима шаарында жолугушту
468281
![Чоң жетилер саммити](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/e8e6/7ecc/ee41/570a5b9b773f0.jpg?time=1718963621)
- Дүйнөнүн эң өнүккөн 7 экономикасынан турган чоң 7 тобунун тышкы иштер министрлери Япониянын Хирошима шаарында жолугушту.
- Эки күнгө созула турган жыйындын негизги күн тартип беренеси үй ээси Хирошимо шаарынын да тарыхый маанисине ылайык атомдук куралсыздануу болот.
- Жыйында Украина жана Жакынкы Чыгыштагы саясий киризистер менен бирге Корея жарым аралындагы түндүк – түштүк араздашуусу, деңиз коопсуздугу жана террор менен күрөшүү темалары да каралат.
- 1945 – жылы 6 - августта АКШнын Хирошимага атом бомбасын атуусу менен 140 миң киши набыт болуп, шаар согуш майданына айланган.
- Чоң жетилер өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары да 25 – 26 - майда да Японияда жолугушат.