Сирия коопсуз аймак

Оппозициячылдар колго алган Чобанбейге төрт тараптан 2 миң 200го жакын согушчан курчоого алуу менен кирди

467676
Сирия коопсуз аймак
  • Сириянын түндүгүндө Түркия чек арасында жайгашкан Халеп облусунун Чобанбей аймагын террордук уюм ДЕАШтан тазалаган оппозициячыл күчтөр ошол эле учурда коопсуз аймактын түзүлүшүнө карата ийгиликтүү болушту.

Оппозициячылдар колго алган Чобанбейге төрт тараптан 2 миң 200го жакын күрөшчү курчоого алуу менен кирди. Кагылышуулар учурунда 100дөн ашуун ДЕАШ мүчөсү өлтүрүлдү. Бирок көп сандаган ДЕАШ мүчөсү да Баб жана Мүмбич райондоруна качышты.

Түркия күн тартибине алып келген коопсуз аймак, Сириядагы кагылышуулардан качкан жарандар баш калкалай турган аянттын түзүлүшүн күтүүдө.

Түркия аймакты Халеп башта болуу менен Сириядан жаңы көчүп келген жарандардын чогула турган жери же Түркияга өткөн сириялыктардын каалоосу менен жайгаша ала турган жер катары долбоорлонууда.



Тектеш кабарлар