Орусиянын премьер - министри Дмитрий Медведев Азербайжанда

Медведевдин кечээ Арменияга жасаган сапарынан кийин бүгүн Бакуда Карабах маселеси тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүсү күтүлүүдө

467156
Орусиянын премьер - министри Дмитрий Медведев Азербайжанда
  • Медведевдин кечээ Арменияга жасаган сапарынан кийин бүгүн Бакуда Карабах маселеси тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүсү күтүлүүдө.
  • Азербайжандын Президенти Илхам Алиев тарабынан кабыл алына турган орус премьер - министрдин орун басары Дмитрий Рогозин жана башка жетекчилер коштоодо.
  • Орусиянын премьер - министри Ереван жолугушууларында кесиптеши Ховак Абрахамян менен жолугушту.
  • Медведев : «Аймактагы абал 1994 - жылдан бери биринчи жолу ушунчалык оордошту. Абдан кыйын бир маселе менен бетме – бет келип турабыз. Азыркы учурда негизги жагдай тынчтык жана байланышты коргоп калуу»,- деди. Дмитрий Медведев өлкөсүнүн Карабахта чечүүчү жолду табуу үчүн арачылык милдетин алууга даяр экенин да айтты. «ЕККУнун Минск тобу чечүүчү жолдун табылуусунда ишке жараган бир гана механизм»,- деди. Орусиянын премьер – министри чечүүчү жолдорду аскерлер эмес, дипломаттар издеши керек экендигин айтты.
  • Армениянын премьер – министри Ховик Абрахамян болсо Орусиянын өлкөсүнө курал боюнча жардам бергендиктен орус кесиптеши Дмитрий Медведевге рахмат айтып, эки өлкөнүн ортосунда аскердик жардам тууралуу келишимге кол коюнун ылдамдатылуусун суранды.
  • Москва 18 - февралда Ереванга орус куралдарын сатып алуусу үчүн 200 миллион долларлык 10 жыл үчүн кредит берген. Ушул боюнча Азербайжандын тышкы иштер министрлиги 24 - февралда Москвага каршы чыгуу нотасын берген.


Тектеш кабарлар