Бёмерманн жөнүндө тергөө жүрүп жатат
Немис куудул жана алып баруучу Ян Бёмерманн Түркиянын президентин мазактаган.
Германияда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга ZDF каналындагы программада жалган ыр түрүндө жагымсыз айыптоолорду айткан журналист Ян Бёмерманн тууралуу сот жараянаны башталды.
Mainz прокурорлугу, 20 кишинин арызы боюнча мамлекеттик жетекчиге акаарат кылгандыгынын себебинен Бёмерманн жөнүндө тергөө жүргүзүп жатат.
Немис кылмыш жаза кодексинин 103-беренесине ылайык, чет элдик мамлекеттик жетекчиге кылынган акаарат үчүн 3 жылга чейин эркинен ажыратуу өтүнүчү менен доо коюлса болот. Бул акаарат атайылап кылынган учурда 5 жылга чейин созулушу мүмкүн.
Германиянын канцлери Ангела Меркель премьер-министр Ахмет Давутоглу менен телефон сүйлөшүүсүндө абалга «атайлап мазактоо»,- деп сереп салган.
Немис куудул жана алып баруучу Ян Бёмерманн «Neo Magazin Royale» аттуу программада «Schmähkritik» (мазактоочу сын) деген ырды окуп берген.
Тектеш кабарлар
Зеленскийге кол салууну пландаган тыңчылар кармалды
Бул тууралуу Украинанын Коопсуздук кызматынын (СБУ) жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.
Хизбуллах Израилдин 2 аскерин өлтүрдү
Кол салууда запастагы эки аскер каза болуп, бир аскер жеңил жараат алды.