АКШ Орусияга вето коет

Ирандын Орусиядан талап кылган согуштук учактарына бөгөт коюла турганы билдирилди.

465681
АКШ Орусияга вето коет

АКШ Орусиянын Иранга «Су-30» үлгүсүндөгү согуштук учак сатышына БУУнун Коопсуздук кеңешинде вето коет.

АКШнын саясий мамилелер боюнча жооптуу министрдин орун басары катары кызмат кылган Томас Шеннон Сенаттын Тышкы байланыштар комитетинде Иранга байланыштуу өткөрүлгөн отурумдагы сөзүндө, Ирандын Орусиядан талап кылган согуштук учактарына бөгөт кое тургандарын айтты.

Шеннон ушул жылдын аягында мөөнөтү толо турган Иран санкцияларынын мыйзамы кайрадан узартылышы мүмкүн экенин да билдирди.

Орусиянын федералдык аскерий-техникалык кызматташуу кызматы февраль айындагы билдирүүсүндө, Иранга «Су-30» үлүгүсүндөгү согуштук учактардын жөнөтүлүүсү үчүн ушул жылдын ичинде келишимге кол коюла турганын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар