Атомдук Коопсуздук саммити

Саммитте радиоактивдүү заттардын азайтылышы жана аларды сактоо сыяктуу темалар да сөз болот

462742
Атомдук Коопсуздук саммити

Террордук кол салуулар менен Түндүк Кореянын атомдук коркутуулары күч алган бир мезгилде, дүйнө лидерлери глобалдык коопсуздук темаларын Вашингтондо карап жатышат.

50дөн ашуун өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары «атомдук материалдарды коргоону» максат кылган Атомдук Коопсуздук саммити үчүн чогулушту. Бул маанилүү самитке Түркиядан президент Р. Т. Эрдоган катышууда.

Катышуучулардын күн тартибинен атомдук материлдардын ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдардын колуна өтүүсүнө кандай бөгөт болуу керектиги тууралуу темалар орун алды.

Саммитте радиоактивдүү заттардын азайтылышы жана аларды сактоо сыяктуу темалар да сөз болот.

Атомдук коопсуздукту түзүү максатында иштеген уюмдардан турган эл аралык желенин күчтөндүрүлүшү да карала турган темалардын арасында. Саммит Ак үйдө АКШнын президенти Барак Обаманын катышуучулардын урматына берген кечки тамак менен башталды. Вашингтондо Конгресс борборунда өткөрүлгөн жыйындарда атомдук коопсуздукту өнүктүрүүгө карата улуттук жана эл аралык масштабда көрүлө турган чаралар сөз болот. Атомдук куралдануусунан тынчсыздануулар болуп жаткан жана Батыш менен карым – катнаштарында кыйын мезгилди жашап жаткан Орусия менен атомдук курал өндүрүүдө негизги ролду ойногон Пакистан саммитке катышпайт.

2010 – жылы АКШнын президенти Барак Обама баштаган жана эки жылда бир кайталанган Атомдук Коопсуздук самммити эки күнгө созулат.



Тектеш кабарлар