Орусия Сириядагы аскердик жыйылмасын азайткан жок

Путин, 14-марттагы жарыясында Сириядагы аскердик күчтөрүнүн чоң бөлүмүн алып чыга турганын белгилеген.

461628
Орусия Сириядагы аскердик жыйылмасын азайткан жок

Орусия, Сириядагы аскердик күчүн азайтуу чечимин чыгарганына карабастан ал өлкөдөгү аскердик жыйылмасын арттырууда.

Ройтерс маалымат агенттигинин эки өлкө ортосундагы кыймылдар тууралуу көрсөткүчтөргө таянып жасаган анализине караганда Орусия, Сириядагы аскердик жыйылуусун арттырууну маанилүү өлчөмдө улантууда.

Агенттик, Орусия Сирияга кошумча аскер жана шайман жибериш үчүн деңиз жолун колдонгонун жазып чыкты.

Орусиянын президенти Владимир Путин, 14-марттагы жарыясында Сириядагы аскердик күчтөрүнүн чоң бөлүмүн алып чыга турганын белгилеген.

Бир тараптан Орусиянын Асад күчтөрүнүн террор уюму ДЕАШтан кайтарып алган Тедмур районунун (Пальмира) миналардан тазаланышы үчүн адистерди жибергени маалымдалды.



Тектеш кабарлар