Орус учагы жерге түштү
Окуяда каза болгон же жаралангандар болгон жок
461518
![Орус учагы жерге түштү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b615/af38/7d41/56fbaaa8138b4.jpg?time=1718859650)
Орусиянын Приморский аймагында Su-25 моделиндеги аскердик учак кырсыкка учурады. Окуяда каза болгон же жаралангандар болгон жок. Орус басма сөзүндө орун алган маалыматка караганда машыгуу үчүн учкан аскердик учак отурукташуу аймагына жакын жерде кырсыкка учурады.
Моторундагы бузуктуктан жерге түшкөнү болжолдолгон учактын пилоту учуу креслосун колдонуу менен кутулду.