Кырсыкка учураган орус учагы

Орусияда 62 кишинин каза болгон 19 – марттагы учак кырсыгынын учкучтардын талаш – тартышынын айынан болгону ортого чыкты

460636
Кырсыкка учураган орус учагы

Орусияда 62 киши каза болгон 19 – марттагы учак кырсыгынын учкучтардын талаш – тартышынын айынан болгону ортого чыкты.

Кара кутусунун иликтенүүсүнөн кийин даярдалган отчет «Коммерсант» гезитинде жарыяланды. Ушуга караганда, Flydubaiге таандык Boeing 737-800 моделиндеги учак кырсыкка учурагандан мурда учкуч кабинасында талаш – тартыш болгон.

Иликтөөлөргө караганда капитан учкуч конууга 6 километр калганда конуудан баш тартып автоматтык учкучтан чыгып, кол менен которгуч баскычына баскан. Бул учактын тең салмактуулугун жоготуусуна жол ачты.

Учак жерге түшө баштаганда акыркы бир канча секундада экинчи учкучтун капитан учкучка : «Токто»,- деп кыйкырганы катталып калган. Бул тууралуу азырынча эч бир расмий билдирүү бериле элек.



Тектеш кабарлар