Бельгияда абал

Шарль Мишель кол салууларда каза болгон жана жаракат алгандардын арасында 40тан ашуун өлкөнүн атуулдарынын бар экенин жарыялады.

458938
Бельгияда абал

Бельгиянын ички иштер министри Ян Жамбон 22-мартта Брюсселдеги кол салууларды уюштурган террористтерден бирине байланыштуу Түркиянын эскертүүсү боюнча ката кылгандарын кабыл алды.

Бельгиянын тышкы иштер министри Дидье Рейндерс, ички иштер министри Ян Жамбон менен адилет министри Коен Женс,Бельгиянын федералдык парламентинде Брюсселдеги кол салууларга байланыштуу жооптуу кызматтагылардын териштирилиши үчүн курулган комиссияда эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Жамбон, Мальбек метро станциясындагы кол салууну кылган Ибрахим аль Бакравинин Сирия чек арасында кармалгандан кийин Түркиядан депортация кылуу процессинде болгондорду түшүндүрдү.

Министр Түркиядагы бельгиялык байланыш кызматкеринин Бакрави кармалган 20-июндан депортация кылынган 14-июлга чейин "дээрлик эч нерсе кылбаганын" белгиледи.

Ян Жамбон, полиция уюмундагы кайдыгерликке көңүл бурду.

Комиссия бул абалды талкуулап отчет жарыялайт.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ибрахим аль Бакравинин депортация кылынышы темасында Нидерландия жана Бельгия органдарынын эскертилгенин жарыялаган.

Министрлер, бул жарыялардан кийин келген сындоолордун натыйжасында бейшемби күнү кызматтан кетүү арыздарын беришкен. Бирок кызматтан кетүүлөрү Бельгиянын премьер-мирнистри Шарль Мишель тарабынан кабыл алынган эмес.

Бул учурда Бельгиянын премьер-министри Шарль Мишель кол салууларда каза болгон жана жаракат алгандардын арасында 40тан ашуун өлкөнүн атуулдарынын бар экенин жарыялады.

Франциянын президенти Франсуа Олланд да Париж жана Брюсселде теракттарды уюштурган террордук уялардын жок кылынганы калганын, бирок калган желелердин дагы эле коркунуч туудуруп жатканын жарыялады.



Тектеш кабарлар