АКШ ирандык эки компанияга санкция киргизет
Алар АКШнын кара тизмесинде эле.
457969
Америка Кошмо Штаттарынын Казына министрлиги, Ирандын баллистикалык ракета программасын колдогон 2 компанияга санкция киргизүү чечимин кабыл алды.
Ошондой эле Англия жана Бириккен Араб Эмирликтеринде иш-чараларын жүргүзгөн 4 мекеме жана 2 киши да ирандык авиакомпания Махан Эйр менен болгон байланыштарынан улам санкция тизмесине кошулду.
Ирандын баллистикалык ракета жасоо иштерин жүргүзгөнү үчүн 2005-жылдан бери Америка Кошмо Штаттарынын кара тизмесинде орун алган Shahid Hemmat Industrial Group (SHIG) таандык Shahid Nuri Industries жана Shahid Movahed Industries аттуу эки комапаниянын санкция тизмесине киргизилгени билдирилди.