Брюсселде жарылуу болду

Жарылуунун себеби террордук кол салуу болушу ыктымал

455577
Брюсселде жарылуу болду

Бельгиянын борбору Брюсселдеги аэропортто болгон эки жарылуудан алгачкы маалыматтарга караганда 13 киши каза болуп, көптөгөн киши жаракат алды.

Бир тараптан шаарда үчүнчү жарылуу болду. Анда метро станциясы бутага алынды. Бул жердеги жарылуудан да 10 киши каза болуп, көптөгөн кишинин жаракат алгандыгы билдирилди.

Жооптуу кызматкерлер окуянын себеби чоң ыктымалдуулук менен террордук кол салуу экендигин айтып жатышат.

Аэропорттогу каттамдар токтотулуп, аймакка кеткен жолдор жана метро станциялары жабылды.

Бул учурда Түрк аба жолдорунун Стамбул-Брюссель учагы Льеж шаарына багытталса, пландаштырылган эки каттамы убактылуу токтоду.


Этикеткалар: #Брюсселде жарылуу

Тектеш кабарлар