Палестиналык жаш жигит өлтүрүлдү

Израиль аскерлери Батыш Шериада 17 жаштагы палестиналыкты атып өлтүрдү

454051
Палестиналык жаш жигит өлтүрүлдү

Израиль армия катчысы Пётер Лернер тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта баскын астындагы Батыш Шерианын түштүгүндө жайгашкан Кирят Арба еврей отурукташуу жерине жакын жерде бир палестиналыктын Израиль чек ара полициясын бычак менен жаралаганы ортого салынды.

Маалыматта башка полициялардын ок атуусу менен 17 жаштагы палестиналыктын окуя болгон жерде каза болгону белгиленип, жараланганы айтылган полициянын ден соолугуна байланыштуу маалымат берилген жок.

Акыркы күндөрдө аймакта дээрлик күн сайын израилдиктерге кол салуу жасалды деген ырастоо менен атылган палестиналыктардын өлүм кабары келүүдө.Октябрь айынан бери өлтүрүлгөн палестиналыктардын саны 200гө жетип, ошол эле мезгилде өлтүрүлгөн израилдиктердин саны да 30дан ашты.



Тектеш кабарлар