Аткарыла турчу көп иш бар

Түркия-Европа Биримдиги сүйлөшүүлөрү

452742
Аткарыла турчу көп иш бар

Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Доналд Туск Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташууну күчтөндүрө турган келишимди түзүү үчүн жылыш бар экенин, бирок дагы деле аткарыла турчу иштер көп экенин билдирди.

Доналд Туск бүгүн же эртең өтө турган Европа Биримдигинин лидерлер жана Европа Биримдиги-Түркия жыйынын алдында лидерлерге жөнөткөн чакыруу баракчасында күн тартиптеринде басымдуу түрдө баш калкалоочу маселесинин орун алаарын белгиледи.

7-мартта өткөрүлгөн Түркия-Европа Биримдиги жыйынында Анкаранын кызматташуунун дагы да күчтөндүрүлүшүн көздөгөн жаңы сунушун айтканын, бирок убакытка байланыштуу макулдашылбаганын эске салды.

Доналд Туск: «Мени жыйындын аягындагы биргелешкен декларациядагы бир канча принциптин негизинде даярдык кылууга милдеттендирдиңиз. Коюлган максат белгилүү, 28 мүчө өлкө менен катар түрк өнөктөштөрүбүз да кабыл ала турчу келишим. Жылыш бар бирок, дагы деле аткарыла турчу көп иш бар»,-деди.

Саммиттин аягында жарыяланышы пландалган Европа Биримдиги-Түркия биргелешкен билдирүүсүнүн биринчи долбоорунун, мүчө өлкөлөрдүн Европа Биримдигиндеги элчилерине жөнөтүлгөндүгүн баяндады.

Түзүлө турчу келишимдин Европа Биримдиги жана эл аралык мыйзамдарга шайкештигинин гарантияга алынуусу алдыңкы пландары экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар