АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусияга барат

Жон Керри Москвага барып президент В. Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушарын билдирди

451971
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусияга барат


Расмий сапар менен өлкөсүнө барган Грузиянын тышкы иштер министри Михаил Жанелидзе менен Вашингтондо жоолугушкан Жон Керри Орусиянын Сириядагы аскерлеринин чегинүү чечиминен кийин келерки жумада Москвага барып президент В. Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушарын билдирди.

Керри орус жетекчилер менен өткөрө турган жолугушууларда Сириядагы саясий процессти кандай алдыга жылдыра алышарын сүйлөшөрүн белгиледи.

Жон Керри 28 - февралдан бери жүргүзүлүп келе жаткан ок атууларды токтотуу менен Сирияда 5 жылдан бери болуп келе жаткан кризистин чечилүүсү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүккө жетишилгенин айтты.



Тектеш кабарлар