Түркия алган эмес, берген өлкөгө айланды

Бүлбүл:«Түркия дүйнөдө эң көп гуманитардык жардам берген өлкө. Кирешесине салыштырганда дүйнө үчүнчүсү»,-деди.

449985
Түркия алган эмес, берген өлкөгө айланды

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) башчысы Кудрет Бүлбүл, Түркиянын эми алган эмес берген өлкөгө айланганын айтты.

Жолугушууларды өткөрүш үчүн Канадага барган Бүлбүл жана аны коштогон делегация, программанын акыркы күнүндө Түндүк Американын улуттук көз караш уюму, Канада мусулмандар коому, Түндүк Америка Ислам коомчулугу жана Канада-Түрк коомдорунун федерациясына барды.

Түндүк Америка улуттук көз караш уюмунда сөз сүйлөгөн Бүлбүл: «Түркия дүйнөдө эң көп гуманитардык жардам берген өлкө. Кирешесине салыштырганда дүйнө үчүнчүсү»,-деди.

Бүлбүл, Түркиянын чек араларынан ашкан салтка, маданиятка жана тажрыйбага ээ болгонун сөз кылып, «Айрым жагынан алып караганыбызда, дүйнөдө Түркия менен салыштырыла ала турган өлкө жок»,-деп айтты.

Өтмүштө өлкөнүн башкаруучуларынын чет өлкөгө барып мигрант түрктөрдөн валюталарын өлкөгө жиберишин талап кылганын эске салган Бүлбүл: «Түркия эми алган эмес, берген өлкөгө айланды. Сизден валюталарыңызды сураганы эмес, сизге жардам бергени келдик»,-деп айтты.

Бүлбүл, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын жаштар жана билим берүү программасынан дүйнөдөгү 182 өлкөнүн жарандары пайдаланып жатканын да билдирди.

Бүлбүл жана аны коштогон делегация, жолугушууларынан кийин Түркияга кайтты.



Тектеш кабарлар