Иран ракетасын сынады
Иран узун аралыкка атуучу баллистикалык ракета «Имад» экинчи жолу сыналды
Иран Төңкөрүш Гвардиясынын штабынан берилген маалыматта сыноонун өлкөнүн бардык коркутууларга каршы даяр экенин көрсөтүүнү максат кылганы белгиленди.
Авиация жана космостук өнөр жай мекемеси тарабынан чыгарылган «Имад» ракеталарынын максатына жеткенге чейин багыттала турган жөндөмдүүлүккө ээ экени билдирилди.
Иран биринчи баллистикалык ракетасы «Имадды» биринчи жолу октябрь айында ийгиликтүү тест кылган болчу. Өлкөнүн биринчи ракетасы катары катталган 1700 километр аралыктуу Имаддын Израиль жерлерин аткылоо жөндөмдүүлүгө ээ болуусу Тель Авивде тынчсызданууга жол ачкан.
Адистер Иран ракеталарынын жаңылыштык кылуусунун барган сайын азайганына көңүлдөрдү бурушууда.
Тектеш кабарлар
Кремль орус жарандарына Ливандан чыгып кетүүнү сунуштады
Песков Израилдин Ливанга кол салууларына байланыштуу журналисттерге билдирүү жасады.