Жоанн Лю : Сириядагы согуштан улам 1 жарым миллиондон ашуун киши курчоо астында жашап жатат
Лю Европа өлкөлөрүн качкындарга каалгаларын ачууга чакырды
444994
Чек тааныбаган дарыгерлер уюмунун төрагасы Жоанн Лю Сириядагы согуштан улам 1 жарым миллиондон ашуун кишинин курчоо астында жашап жатканын айтты.
Ливандын борбор шаары Бейруттагы бир университетте «Фронттогу дарыгерлер : медицинада адамзаттык кыйынчылыктар» деген темадагы конференцияда сөз сүйлөгөн Жоанн Лю : «Болжолдорго караганда Сирияда бир жарым миллиондон ашуун киши курчоо астында жашап жатат жана бул аймактарда медициналык жардам системалуу түрдө жолтоого учуроодо. Абалы оор кишилердин жана жаралуулардын чыгарылуусу мүмкүн эмес»,- деди. Лю сөзүнүн акырында Европа өлкөлөрүн качкындарга каалгаларын ачууга чакырды.