Террордук уюмдарга 20 миң аскердик кийим алынып бараткан
Испанияда 5 тонналык аскерий кийим-кечек жана жабдыктар табылды.
444565
Испания полициясы, Сирия жана Ирактагы террордук уюмдар ДЕАШ менен Эл Нусрага 20 миң аскердик кийим алынып баратканда кармады.
Валенсия жана Альхесирас шаарларында жүргүзүлгөн террордук операцияларда, 5 тонналык салмакта 3 контейнер аскерий кийим-кечек жана жабдыктар табылды.
Ички иштер министрлиги, кармалган материалдардын 20 миң кишилик армиянын согуш даярдыгы үчүн жетиштүү экенине көңүлдөрдү бурду.
Операциянын алкагында 7 адам террористтик уюмдарга материалдык-техникалык жана каржылык жактан колдоо көрсөткөндүктөрү үчүн камакка алынды.