Хулиси Акар немис кесиптеши менен жолукту

Cапар Германиянын Башкы штабынын төрагасы Фолькер Викердин чакыруусу боюнча ишке ашты.

443635
Хулиси Акар немис кесиптеши менен жолукту

Генштабдын төрагасы Хулиси Акар Германияга расмий иш сапары менен барды.

Акар сапарын, 2015-жылдын 6-ноябрында Түркияга келип кеткен Германиянын Башкы штабынын төрагасы Фолькер Викердин чакыруусу боюнча ишке ашырды.

Армия генералы Акар Германияга сапарында делегациялар аралык сүйлөшүүлөр менен катар улуттук коргоо министри Урсула фон дер Лайен жана генштабдын төрагасы Фолькер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Аскердик булактардан алынган маалыматка караганда, сүйлөшүүлөрдө Түркияга карай ПКК/ПЙД коркунучтары, Сириядагы акыркы кырдаал, НАТОнун Эгей деңизиндеги кызматы жана эки тараптуу аскердик кызматташтык темаларына токтолушту.



Тектеш кабарлар