Франция ПККнын террордук тизмеден чыгарылуусуна каршы

Франциянын тышкы иштер министрлиги ПККнын террордук уюмдар тизмесинен чыгарылуусуна каршы экенин билдирди

443051
Франция ПККнын террордук тизмеден чыгарылуусуна каршы

Франциянын тышкы иштер министрлиги ПККнын террордук уюмдар тизмесинен чыгарылуусуна каршы экенин билдирди. Министрлик Европа парламентинде ПККнын террордук уюм тизмесинен чыгарылуусу максатында жүргүзүлгөн кыймыл тууралуу маалымат берди. Маалыматта : «Франциянын ПККга карата мамилеси ачык. ПКК Европа Биримдиги даярдаган террордук уюмдар тизмесинде орун алган. Уюмдун тизмеге кирүүсүнө мүмкүнчүлүк түзгөн себептер толугу менен күчүндө»,- деген сөздөргө орун берилди.

Министрликтин маалыматында айрыкча террордук уюм ПККнын Түркияда 2016 – жылы 22 - июлдан баштап жасаган куралдуу кол салуулары айыпталды.

АП солчул топтун мүчөсү Марие – Кристин Веригиат жана АП социалист топтун мүчөсү Ана Гоместин ПККнын Европа Биримдигинин террордук уюм тизмесинен чыгарылуусу үчүн баштаган кол коюу кампаниясына 100 парламентар колдоо көрсөткөн.

ПКК 2002 - жылы аттары КАДЕК жана Конгра – Гел менен бирге Европа Биримдигинин «Террордук уюмдар жана мекемелери тизмесине» алынып, 2007 - жылы 28 - июнда кээ бир куралдуу кыймылдарды ПККнын атынан моюнга алган ТАК да террордук тизмеге киргизилген.



Тектеш кабарлар