Түндүк Кореяга жаңы санкциялар

Түндүк Кореяга кандай чектөөлөр киргизилет?

441980
Түндүк Кореяга жаңы санкциялар

Январь айында суутек бомбасын сынагандыгын жарыялаган Түндүк Кореяга жаңы санкциялар киргизилет.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү жаңы санкцияларды сүйлөшүү үчүн бүгүн чогулат.

Жыйында АКШнын өткөн жумада Түндүк Кореяга киргизиле турган жаңы санкцияларга байланыштуу кеңешке сунуштаган мыйзам долбоору каралмакчы.

Мыйзам долбоору, тарыхта алгач ирет Түндүк Кореядан келген же бул өлкөгө барган бардык жүктөргө иликтөө мажбурдуулугу жана бардык жеңил куралдар менен кадимки курал-жарактардын Түндүк Кореяга сатылуусуна чектөө коюуда. Айрыкча Түндүк Кореянын көмүр, темир, алтын сыяктуу кендерге болгон муктаждыгына да чектөөлөр киргизилет.

Жуманын аягында добушка салынышы күтүлгөн мыйзам долбоору кабыл алынса, БУУнун Коопсуздук кеңешинин акыркы 20 жылдан берки эң оор санкциялары ишке ашкан болот.



Тектеш кабарлар