ДЕАШка каршы кибердик чабуул

Кибердик чабуул террордук уюмга терс таасир тийгизет

442113
ДЕАШка каршы кибердик чабуул

Америка Кошмо Штаттары террордук уюм ДЕАШка каршы кибердик чабуул баштатты.

АКШнын коргоо министри Эштон Картер кибердик чабуулдун, уюмдун байланыш технологияларын колдонуусуна терс таасир тийгизээрин айтты.

Эштон Картер менен генштабдын төрагасы Жозеф Данфорд, Пентагондо өткөргөн маалымат жыйынында ДЕАШка каршы күрөшүүдөгү акыркы абалды карашты.

Картер бул күрөшүүдө аянтта жүргүзүлгөн аскердик операциялар менен катар кибердик аппараттар колдонулган виртуалдык чабуулдун да маанилүү экенин баса белгиледи.

Кибердик стратегия ийгиликтүү болгон учурда ДЕАШтын дагы да эски байланыш технологияларын колдоно турганы жана аларды коопсуздук күчтөрү дагы оңой чыгымга учуратаары сөз кылынды.

Генерал Данфорд болсо кибердик чабуул ыкмаларынын ДЕАШка күтүлбөгөн таасир жаратаарын жана уюмду алсыздыкка алып бараарын белгиледи.



Тектеш кабарлар