Сирияда ок атпоо күчүндө

Бирок ок атпоо ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн абадан операциялардын токтогону түшүнүгүн бербейт.

440883
Сирияда ок атпоо күчүндө

Сирияда өлкөнүн жалпысында күчүнө кирген ок атпоо менен 5 жылдан бери уланган согушка алгач ирет тыныгуу берилди.

Бирок бул ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн абадан операциялардын токтогону түшүнүгүн бербейт.

Америка Кошмо Штаттары баштаган эл аралык коалициялык күчтөр ДЕАШтын буталарын атуусун улантууда.

Коалицияга таандык согуштук учактар Сирияда 8 жолу чабуул уюштурду.

Бул чабуулдарда Тель-Абьяд, Эл Хавл, Ракка жана Хасакенин айланасындагы ДЕАШ буталарынын атылганы билдирилди.

АКШнын президенти Барак Обаманын ДЕАш менен күрөшүү үчүн куралган эл аралык коалиция боюнча атайын өкүлү Бретт Макгурк да социалдык медиа тармагынан жарыялоосунда, «Коалициялык аба күчтөрү Тел-Абьядга жакын жерде ДЕАШтын кол салууларына байланыштуу кабарлар боюнча ыкчам жана кыйратуучу жооп кайтарды»,деп жазды.

Сирияда жума күнү түнү күчүнө кирген ок атуунун токтотулушу ДЕАШ, Нусра фронту жана Бириккен Улуттар Уюму тарабынан террор уюму деп кабыл алынган топторду камтыйт.



Тектеш кабарлар