Сирияда абал
Сирияда кагылышуулар убактылуу ок атууну токтотуу келишими ишке киргенден кийин да улантылды
440509
![Сирияда абал](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/100b/b682/d153/56d1672b8198a.jpg?time=1718850182)
Сириянын Латакия элетиндеги Түркмөндагыда кагылышуулар убактылуу ок атууну токтотуу келишими ишке киргенден кийин да улантылды.
Асад күчтөрү тарабынан Келез жана Караманлы айылдарына карата кол салуулар улантылды. Аймакта болуп жаткан кагылышуу үндөрү Түркиянын чек ара маалаларына да угулду.
Бир тараптан Шанлыурфанын Акчакале районунун маңдайында орун алган Сириянын Ракка шаарына караштуу Тель Абядда да кагылышуу башталды.
Террордук уюм ДЕАШ күчтөрү бир канча убакыт мурда террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөн Тель Абядда түнкү сааттарда кол сала баштады. Кагылышууларда кээ бир октор Түркия тарабына да түштү.