Обама Иорданиянын королу Абдуллах менен жолугушту

Ак үйдө өткөрүлгөн жолугушууда ДЕАШ менен күрөшүү жана Ирак темалары каралды

439147
Обама Иорданиянын королу Абдуллах менен жолугушту

Иорданиянын королу Абдуллах менен сүйлөшкөн АКШнын президенти Обама Сирияда кагылышуулардын токтотулуусу үчүн түзүлгөн келишим тууралуу : «Күтүүлөрдү жогорулатуу тууралуу абдан кылдатпыз»,- деди.

Ак үйдө өткөрүлгөн жолугушууда ДЕАШ менен күрөшүү жана Ирак темалары каралды.

Сирияда ишке кире турган ок атууну токтотууга этияттык менен мамиле кылышкандарын белгилеген Обама өткөн жумада бул өлкөдө коркутуу астындагы кишилерге гуманитардык жардам жеткирилгенин айтты.

Иорданиянын сириялык качкындарды тосуп алуу менен абдан маанилүү ишти аткарганын айткан Обама Израиль менен Батыш Шериадагы абалды да карап чыгышкандарын билдирди.

Иорданиянын королу Абдуллах да ДЕАШ коркутуусуна каршы күрөштө эл аралык команданын бир бөлүгү катары саясий бир чечүүчү жол табуу үчүн алектенишкендерин билдирди.

Израиль - Палестина маселеси тууралуу үмүттүү болуу керектигин баса белгилеген Король Абдуллах Обама менен маселенин чечилүүсү үчүн 2016 - жылы эмнелердин аткарыла аларын сүйлөшүшкөндөрүн белгиледи.



Тектеш кабарлар