Чех республикасында да зика вирусу чыкты

Саламаттык сактоо министрлиги элди вирус жайылган өлкөлөргө барбоо боюнча эскертти

439510
Чех республикасында да зика вирусу чыкты

Зика вирусу башта Түштүк Америка өлкөлөрү болуу менен жалпы дүйнөдө абдан чоң тынчсызданууга жол ачууда. Ушул кезге чейин кыркка жакын өлкөдө чыккан вирус Чех республикасында да кездешилди. Карайиптерден кайтып келген эки кишиде зика вирусунун бар экени аныкталды.

Саламаттык сактоо министрлиги элди вирус жайылган өлкөлөргө барбоо боюнча эскертти. Ошол эле учурда вирус кенен жайылган өлкөлөрдөн Бразилияга барган Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун директору Маргарет Чан абалдын дагы да начарлашы мүмкүн экени боюнча эскертти. Чан : «Өкмөттөрдү вирус менен күрөшүү тууралуу колдоп жатабыз. Абал ойлогонубуздан дагы да начарлашы мүмкүн. Ар кандай нерсеге даяр болушубуз керек»,- деди.

Зика вирусуна каршы азырынча дарылоо жок. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму зика менен күрөшүүнүн чыгымын 56 миллион доллар деп эсептеген. Бул сумма зика вирусунун жугуу жолдору, ылдам аныктоо жана эмдөө иштери үчүн колдонулат.



Тектеш кабарлар