Украина маселесин чечүү үчүн дипломатиялык аракеттер уланып жатат

Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер менен француз кесиптеши Жан-Марк Эро Украинада жолугушууларды өткөрдү.

438098
Украина маселесин чечүү үчүн дипломатиялык аракеттер уланып жатат

Украина маселесине туруктуу чечүүчү жол табуу үчүн дипломатиялык аракеттер уланып жатат.

Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер менен француз кесиптеши Жан-Марк Эро Украинада жолугушууларды өткөрдү.

Штайнмайер менен Эро борбор шаар Киевде алгач Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк менен жолугушушту.

Премьер-министр Яценюк Европа Биримдигинин Украинага болгон колдоосуна көңүл буруп: «Орус мамилесине биримдикти сактоо менен гана каршы тура алабыз»,- деп айтты.

Немис тышкы иштер министр Штайнмайер Украинанын чыгышындагы кризисти чечүүнү максаттаган Минск келишимине кол коюлгандан бери 12 ай өткөнүнө карабастан толук ишке ашырылбаганын белгиледи.

Штайнмайер буга байланыштуу март айынын башында Парижде Нормандия төрттүгүнүн тышкы иштер министрлери маанилүү жыйын өткөрөөрүн билдирди.

Нормандия төрттүгү деп аталган Орусия, Украина, Германия жана Франциянын Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү Париждеги жыйында Украинанын чыгышындагы тынчтык процессин талкуулашат.



Тектеш кабарлар