АКШ менен Орусия макулдашты

АКШнын президенти Барак Обама менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү.

437783
АКШ менен Орусия макулдашты

АКШ менен Орусия биргелешкен билдирүү аркылуу Сирияда ок атууну токтотуу темасында макулдашкандарын жарыялашты.

Ок атпоо келишими 27-февраль күнү түн ортосунан тарта күчүнө кирет.

Бул келишим террордук уюм ДЕАШ, Эл Нусра фронту жана БУУ тарабынан террордук уюм катары кабыл алынган башка топторго каршы жүргүзүлгөн операцияларды камтыйт.

АКШнын президенти Барак Обама менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон сүйлөшүүсүндө ок атууну токтотуу келишимин такташты.

Ак үй Обаманын алдыңкы максаты Сирия калкынын коопсуздугунун камсыздалышы, БУУнун жетекчилигиндеги саясий процесстин ишке ашырылышы жана ДЕАШты күчтөн тайдыруу үчүн бардык тараптардын бул келишимге оң жооп бериши экенин билдирди.

АКШ менен Орусиянын Сириядагы кагылышуулардын токтотулушуна байланыштуу билдирүүсү, БУУ тарабынан да ыраазычылык менен кабыл алынды.

БУУнун башкы катчысы Стефан Дюжаррик ок атууну токтотуу келишимин «Сирия эли көптөн бери күткөн үмүт нуру» деп мүнөздөдү.

Бул учурда Сириянын президенти Башар Асад өлкөдө 13-апрелде жалпы шайлоо өтө турганын билдирди.

Асаддын бул маалыматты ок атууну токтотуу чечиминен дароо кийин билдириши көңүлдөрдү бурду. Сирияда акыркы шайлоо 2012-жылы өткөрүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар