UNICEF Украинадагы балдарга жардам берүүгө чакырды
Өлкөдө 200 миңден ашуун жаш психологиялык жардамга муктаж
БУУнун Балдарга жардам фонду UNICEF Украинанын чыгышында 2 жылдан бери болуп келе жаткан кагылышууларда 580 миң баланын «терең таасирленгенин» билдирди. UNICEF Украина өкүлү Жованни Барберис кагылышкан тараптарды «муктаж болгон балдарга гуманитардык жардам» берүүгө чакырды.
Өлкөдө 200 миңден ашуун жаштын психологиялык жардамга муктаж экенине көңүлдөрдү бурган Барберис кагылышуулардын Украинанын чыгышында жашаган миңдеген балада өчпөс из калтырганын белгиледи.
UNICEF тарабынан даярдалган отчетто 46 миң балага психологиялык жардам бергени, 5 миңге жакын мугалим жана психологго балдардагы психологиялык кыйынчылыкты аныктоо үчүн билим берилгени белгиленди. Отчетто ошол эле учурда 1, 6 миллион кишиге иче турган суу берилгени, 164 миң бала жана өспүрүмгө тазалык материалдар менен 200 миң балага окуу куралдарынын жеткирилгени белгиленди.
Тектеш кабарлар
Индияда 46 адам сууга чөгүп каза болду
Бийлик өкүлдөрү дайынсыз жоголгон адамдарды издөө иштеринин уланып жаткандыгын маалымдашты.
Макрон-Зеленский жолугушуусу
Макрон: "Украинанын коопсуздугу Европанын коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү" деди.