Украина Орусияны күнөөлөдү

Орусия учурда Украинада даярдаган сценарийлерин ишке ашырууда.

435222
Украина Орусияны күнөөлөдү

Украинанын улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Александр Турчинов, Орусиянын учурда Сирияда ишке ашырып жаткан согуш сценарийин Украинада даярдаганын айтты.

Турчинов Коргоо жана коопсуздук-2016 форумунда сүйлөгөн сөзүндө, Орусиянын кол салгычтыгынын бир гана Украина эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн коркунуч туудурганын айтты.

Орусия бийлигинин дүйнөлүк коопсуздукту нейтралдаштырууга аракет кылганын сөз кылган Турчинов: «Учурда чектен ашкан күчтүү гибриддик согуш сценарийин алгач Украинада даярдаган. Орусия Жакынкы Чыгышта жана Сирияда заманбап куралдар менен согуш сценарийлерин ишке ашырууда. Балким ядролук мүмкүнчүлүгүн да аймакка алып барат»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар