Украинада саясий кризис

Премьер – министр Арсений Яценюк кызматын улантууда

434581
Украинада саясий кризис

Украинада президент Петр Порошенконун арыз берүүсүн каалаган премьер – министр Арсений Яценюк кызматын улантууда. Парламентте ишеним добушун берүүдө Арсений Яценюк жеңип чыкты. Добуш берүүдө өкмөттүн арызын берүүсү үчүн керек болгон 226 добушка жеткен жок.

Президент Петр Порошенко коомдун мамлекеттин реформа ылдамдыгынан ыраазы эмес экенин айтып, коалиция өкмөтүнүн элдин колдоосун жоготконун билдирген болчу. Ошол эле учурда Порошенокнун премьер – министр Арсений Яценюк менен бирге арызын берүү үчүн чакырган башкы прокурор Виктор Шокин кызматын таштады.

«Украинская правда» гезити башкы прокурор Шокиндин арызын бергенин жарыялады. Байкоочулар Украинада 2014 – жылдын акырынан тарта кызматта турган Арсений Яценюк жетекчилик кылган коалиция өкмөтүндөгү терең көз караш айырмачылыктарды белгилешүүдө. Яценюкка каршылар премьер – министрдин коррупцияга да аралашканын ортого салышууда.



Тектеш кабарлар