Зика вирусу Орусияга жетти

Өлкөдө зика вирусун жугузуп алган алгачкы жаран катталды.

433517
Зика вирусу Орусияга жетти

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму шашылыш чара көрүүгө чакырган зика вирусу Орусияга жетти.

Өлкөдө зика вирусун жугузуп алган алгачкы жаран катталды.

Аял оорулуунун вирусту Доминик Республикасына барганда жугузуп келгени жана саламаттык абалынын жакшырып баратканы белгиленди.

Зика вирусу алгач 70 жыл мурда Уганданын Зика токойунда каталган.

Бул вирус акыркы айларда Түштүк Америка өлкөлөрүндө ылдам жайыла баштады.

Бразилияда зиканы жугузуп алгандардын саны 500 миң менен 1,5 миллиондун ортосунда экени божомолдонууда.

Белгилери көпчүлүк учурда сезилбегендиктен так саны билинбейт.

Испаниянын Каталония аймагында болсо зика вирусун жугузуп алган экинчи кош бойлуу аялдын катталганы билдирилди. Ушундайча вирусту жугузуп алгандардын саны 9га жетип, Испаниянын жалпысында 23 киши болду.

Аталган вирус кош бойлуу аялдарга коркунуч алып келип, түйүлдүктүн өсүп жетилишине терс таасирин тийгизет.



Тектеш кабарлар