Сирияга ок атпоо келишими шарт

Иран эл аралык тынчтык сүйлөшүүлөрүн колдойт.

433328
Сирияга ок атпоо келишими шарт

Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф Брюсселде...

«Сирияда аскердик ыкмалар менен натыйжа чыкпаарын бардык тараптар түшүндү деген Зариф, эл аралык тынчтык сүйлөшүүлөрүнө колдоосун баса белгиледи.

Ирандын тышкы иштер министри Зариф кечээ Брюсселде Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушту.

Могерини Иран менен Батыштын, атомдук келишимден кийин Сирия менен катар эл аралык көптөгөн темада кызматтууну каалаганын баяндады.

Сирия кризисинин саясий сүйлөшүүлөр жолу аркылуу чечилүүсү керектигин белгилеген Зариф, ок атпоо келишиминин шарт экенин айтты.

Зариф атомдук макулдашуудан кийин АКШдан маанилүү кадамдарды күткөндөрүн белгиледи.



Тектеш кабарлар