Орусия Сирияда эл аралык укукту оор түрдө бузду

Сирияда эл аралык укукту оор түрдө бузган өлкө, башкаларына сабак бере албайт

433255
Орусия Сирияда эл аралык укукту оор түрдө бузду

Түркиянын БУУдагы өкүлү Халит Чевик Орусиянын Сирияда эл аралык укукту оор түрдө бузганын айтты.

Халит Чевик БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында орус өкүлүнүн террордук уюм ПЙДге карай операцияларынан улам Түркияны сындашына каршылык көрсөттү.

Чевик Түркиянын аскердик жооп кайтаруу эрежелери жана эл аралык укуктун негизинде Сириянын жерлеринен болгон кол салууларга жооп кайтарганын баса белгиледи.

Орусиянын Сириядагы абадан операцияларында жарандарды бутага алышын сындаган Чевик: «Сирияда эл аралык укукту оор түрдө бузган өлкө, башкаларына сабак бере албайт»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар