Афганстанда террор менен күрөш
ДЕАШтын буктурмаларына жүргүзүлгөн операцияда уюмдун 42 мүчөсү өлтүрүлдү, 5 уюм мүчөсү да жараланды
Афганстандын Нангархар шаарында террордук уюм ДЕАШтын буктурмаларына жүргүзүлгөн операцияда уюмдун 42 мүчөсү өлтүрүлдү, 5 уюм мүчөсү да жараланды.
Афганстан коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда өлкөнүн чыгышындагы Нангархардын Ачин районунда ДЕАШка каршы операциялардын жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
Каза болгондордун арасында уюмдун аймактагы негизги командирлери да бар. Бир тараптан өлкөнүн ар башка аймактарында Талибанга карата жүргүзүлгөн операцияларда да 12 Талибан террористти өлтүрүлдү. Операцияларда көп сандаган курал жана ок – дары колго түшүрүлдү.
Тектеш кабарлар
АКШдан Хамаска жана Израилге чакыруу
Ак үйдөн ок атышпоо сунушунун акыркы долбоору үчүн жазуу түрүндө билдирүү жасалды.
Франциядагы бир мечитке расист кол салды
Бул тууралуу Франция Ислам Кеңешинин (CFCM) X эсебинде жасалган билдирүүдө орун алды.