«Зика» вирусу менен күрөшүү уланууда

Бразилияда өкмөт, вирус менен күрөшүү боюнча бүтүндөй армиянын чара көрүүсү үчүн токтом чыгарды.

432309
«Зика» вирусу менен күрөшүү уланууда

Өзгөчө түштүк Америка өлкөлөрүн коркунучка салган «Зика» вирусу менен күрөшүү уланууда.

Бразилияда өкмөт, вирус менен күрөшүү боюнча бүтүндөй армиянын чара көрүүсү үчүн токтом чыгарды.

2 жүз миңден ашуун аскер чиркейлер аркылуу жугуп жаткан оору тууралуу элди маалыматтандыруу үчүн 350 шаарда үйлөрдү бир бирден кыдырып маалымат таратууда.

Маалыматтандыруу баракчаларында чиркейлердин личинкаларынын үйлөрдөгү гүлдөрдүн түбүндө да жашай алганы сыяктуу эскертүүлөр орун алууда.

Алдыдагы жумада 50 миң аскер мэрия кызматкерлери менен бирге үйлөрдү дарылайт.

Өлкөдө ушул убакка дейре 462 оорулуу кездешти. Орто эсеп менен 4 миң оорулуу да «Зика» вирусу шеги менен иликтенүүдө.

Вирус ымыркайлар жетиле электе төрөлүшүнө алып барат. «Зика» вирусу 2007-2016-жылдар аралыгында 44 өлкөдө кездешип, анын 33үндө жугуштуу оору түрүндө катталды.



Тектеш кабарлар