Путин Европа Биримдигин баш калкалоочу кризисине түртөт

Сорос, батыштык лидерлерге, Путиндин Орусиянын ДЕАШка каршы согушта потенциалдуу шериктеш болгонун айтканына ишенип кайгылуу жаңылыштык кылгандары эскертүүсүн кылды.

431742
Путин Европа Биримдигин баш калкалоочу кризисине түртөт

Америкалык миллиардер Жорж Сорос Орусиянын президенти Владимир Путиндин Европа Биримдиги (ЕБ) үчүн ДЕАШтан дагы чоң коркунуч туудурганын айтты.

Англияда чыгуучу «Гуардиан» гезитинин интернет барагында жарыяланган макаласында Сорос, батыштык лидерлерге да, Путиндин Орусиянын ДЕАШка каршы согушта потенциалдуу шериктеш болгонун айтканына ишенип кайгылуу жаңылыштык кылгандары эскертүүсүн кылды.

Жорж Сорос макаласында Путиндин максатынын Европага чубаган сириялык качкын сели менен ЕБнин таркап кетишине түрткү болгонун белгилеген.

Сорос, Орусиянын Сирияга муну башында эсептебей эле кирип барганын, бирок кийин муну колдонгонун жазган.

Сорос: «Путин жөндөмдүү тактикчи бирок стратегиялык ойлонгон бири эмес. Анын Сирияда Европа качкын кризисин оорлоштуруу үчүн кийлигишкенине ишенүү үчүн бир себеп жок. Чындыгында кийлигишүүсү стратегиялык ката болуп саналат. А бирок Путин ЕБнин таркоосун ылдамдатуу мүмкүнчүлүгүн көргөндө муну дароо колдоно баштады. Орток душманга б.а. ДЕАШка каршы кызматташа турганынан сөз кылып кыймылдарын жашырды. Украинада да Минск келишимине кол койгон, иш жүзүндө аны аткарбай койгон. Бул жерде да ошондой мамиле кылууда»-деп жазган.

«АКШ жана ЕБнин лидерлеринин Путинди мамилеси менен күнөөлөгөндөн көрө анын сөзүнө ишенүүдө кыйынчлык тартканын белгилеген Сорос: «Чындыгында Путиндин Орусиясы жана ЕБ убакыт менен жарышкан абалда. Маселе кайсынысынын биринчи кулай турганында жатат»,-деп кошумчалады.

Жорж Сорос макаласын экономикасы кыйын күндөрдөн өтүп жаткан Орусиянын келээрки жылы банкрот боло турганы боюнча эскертүүсүн кылып бүтүргөн.



Тектеш кабарлар