Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров маалымат берди

Лавров Батыштын Орусияга каршы коркунучтуу саясат жүргүзгөнүн айтты

424739
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров маалымат берди

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өлкөсүнүн Сирияда аба операцияларын баштоосунун бул өлкөдөгү абал үчүн бурулуш жери болгонун айтты. Лавров Батыштын Орусияга каршы коркунучтуу саясат жүргүзгөнүн да жактады.

Жылдык пресс – жыйынында сөз сүйлөгөн Лавров БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү болгон Орусиянын Сирия кризисине кошулуу укугун колдонгонун айтты. Орусиянын кийлигишүүсүнүн Сирия үчүн бурулуш жери экенин белгилеген Лавров, НАТОнун Европанын чыгышында болушун сынга алды. Сергей Лавров НАТОнун Орусия чек арасындагы аскер санын арттырганын жана ракета системаларын куруу менен Орусияга каршы коркунучтуу саясат жүргүзгөнүн айтты. Батыш менен карым – катнаштардын мурункусу сыяктуу болбой турганын айткан Орусиянын тышкы иштер министри Грузияны да сынга алды. Лавров ДЕАШ террордук уюмунун Грузияда машыктыруу лагеринин бар экени боюнча маалымат алышкандарын билдирди.

Украина тууралуу да токтолгон Лавров Минск келишимине баш ийүү керектигин баса белгиледи. Ирандын атомдук программасы тууралуу абалдарды жакындан иликтешкендерин айткан Лавров абалдын нормалдашуусунан ыраазы экендерин белгиледи.


Этикеткалар: #Дүйнө , #кабар

Тектеш кабарлар