Түрк тилине карата кызыгуу күн өткөн сайын артууда
Босния – Герцеговинада түрк тилин экинчи чет тили катары тандаган окуучу саны 6 миң 12ге жетти
424004
Босния – Герцеговинада орто мектептерден кийин лицейлерде да түрк тили тандалган чет тили катары үйрөтүлүүдө. Өлкөдө 7 кантондогу 120 мектепте түрк тилин экинчи чет тили катары тандаган окуучу саны 6 миң 12ге жетти.
Сараево Юнус Эмре институту Босния – Герцеговинадагы түрк тили мугалимдерине карата билим берүү программасын баштады. Ошол эле учурда келген талаптарды камсыздоо үчүн түркологияны бүтүргөндөргө Юнус Эмре институттарында түрк тили мугалими милдетин аткаруусу үчүн билим берилүүдө.