Жон Керри эртең Москвага барат

Керри кимдер менен жолугушат?

409256
Жон Керри эртең Москвага барат

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн эртең Москвага барат.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен маалымдалгандай, Керри менен орус кесиптеши Сергей Лавров эртең менен Тышкы иштер министрлигинин конок үйүндө жолугушат.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков да билдирүүсүндө, Лавров менен жолугушкандан кийин Керрини Орусиянын президенти Владимир Путиндин да кабыл алаарын белгилеп: «Жолугушуу ыктымалдуулугун көз жаздымда калтырбайбыз»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар