Англияда согушка каршы чыккандардын акциясы өттү

Көчөлөргө чыккан англичандар парламентти жана өкмөттү сынга алышты.

407812
Англияда согушка каршы чыккандардын акциясы өттү

Террор уюму ДЕАШ менен күрөшүү максатында арасында Англия да орун алган коалициялык күчтөрдүн Сирияга карай абадан операциялары, согушка каршы турган англичандарды көчөгө чыгарды.
Борбор шаар Лондондон баштап бир топ шаарларда миңдеген киши нааразалык акцияларын уюштурушту.
Англия Парламентинин Сирияга операция жүргүзүүнү бекиткен уруксат документин кабыл алышына каршы чыккан митингчилер, премьер-министр Дэвид Кэмеронду сындашты.
Согушка каршы ураандарды чакырган митингчилер, «Сирияны бомбалоону токтоткула», «Сирия үчүн эркиндик» жана «Согушту токтоткула» деген плакаттарды көтөрүп жүрүштү.
Демонстрацияларга оппозициядагы партиялар да колдоо көрсөтүштү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар