Бүгүн сауд арабстандык аялдар үчүн тарыхый күн
Сауд аялдарга шайлануу жана шайлоо укугу 2011 - жылы берилген
406906
Муниципалдык башкаруу шайлоосунда Сауд аялдар биринчи жолу талапкер болуп жана шайлоочу катары добуш берет. Шайлоодо 131 миң аял добуш берүү үчүн катталды. 900 аял да талапкер катары 6 миң эркекке каршы жарышат.
Саудиялык аялдар талапкер болушканы үчүн бактылуу болсо да шайлоо кампанияларында толугу менен теңдикти түзө элек. Мыйзам боюнча аял талапкерлер эркек шайлоочулар менен бетме – бет келе элек.
Сауд жетекчилер кээ бир аял талапкерлердин шайлануу мүмкүнчүлүгүнүн жогору экенин белгилешти.
Сауд аялдарга шайлануу жана шайлоо укугу 2011 - жылы мурунку король Абдуллах бин Абдүлазиз тарабынан берилген болсо да азыркы күндө өлкөдө аялдардын унаа колдонуусу, жалгыз университетке катталуусу жана өлкө тышына чыгуусна тыюу салынган.