АКШда мечитте өрт чыкты

Чыккан өрттө эч кимдин жараланбаганы билдирилди

406778
АКШда мечитте өрт чыкты

АКШда мусулмандар жашаган мааладагы мечитте өрт чыкты. Калифорния провинциясынын түштүгүндө болгон окуяда полиция мечиттин тегерегин чамбарга алды. Аймакка көп сандаган өрт өчүргүч келди. Жетекчилер өрттүн мечиттин алды жагынан чыкканын жана эч кимдин жараланбаганын билдиришти. Мечиттин жамааты окуянын «жек көрүү кылмышы» экенине ишенүүдө. Полиция болсо өрттүн чыгуу себебин иликтөөдө.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар